Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:14

БУУ Фаллужада гуманитардик кризис күчөп баратканын эскертти


Фаллужадан качып чыккан эл. 18-июнь, 2016-жыл
Фаллужадан качып чыккан эл. 18-июнь, 2016-жыл

Өкмөттүк күчтөр Фаллужа шаарын “Ислам мамлекети” деп аталган экстремисттик топтон бошотуу операциясын баштагандан бери миңдеген адамдар качып чыгууда. БУУнун Качкындар боюнча өкүлү Бруно Жеддонун айтымында, эл аралык жардам берүүчүлөр тобу ылдам өзгөрүп жаткан жагдайда элге көмөк берүүгө аракеттенүүдө.

17-апрелден тарта өкмөттүк күчтөр Фаллужа шаарынын бир танабын көзөмөлгө алганын жарыялагандан бери он миңден ашуун үй-бүлө согуш тозогунан качып чыгышкан. Жеддонун айтымында, качкындардын жаңы толкуну жакында дагы пайда болот. Анткени Фаллужада жүрүп жаткан согуштан улам качып чыга албай камалып отурган адамдар көп. (AiT)

XS
SM
MD
LG