“Пирамида” каналы Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрү журналист Александр Забалуевди сабаганын кабарлады. Телеканалдын маалыматына караганда, окуя 18-июнда Бишкектин “Гараж” түнкү клубунун жанында болгон. Александр Забалуев досу менен клубга эс алганы барып, коопсуздук кызматкери менен түртүшүп кеткен. Кечирим сураганына карабай клуб кызматкерлери аны сыртка чыгарып коюшкан. Натыйжада Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери алгач андан үйүнө кетүүнү талап кылып, телеканал өкүлү мунун себептерин түшүндүрүп берүүнү өтүнгөндө сабап салганын, анын жанындагы алты миң сомун жана банктык карточкасын алып коюшканын, жабырлануучу ооруканага жаткырылганын телеканалдын өкүлдөрү билдиришүүдө.
Ал эми Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Олжобай Казабаев Забалуев өзү мас болуп калганын жана түнкү клубдан эле бети-башы кан болуп, мушташып чыкканын, бул боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатканын "Азаттыкка" маалымдады. Анын айтымында, окуя боюнча кылмыш иши козголо элек. Иш каттоого алынган, жакын арада акыйкат иликтөө үчүн Октябрь райондук прокуратурасына өткөрүлүп берилет. (NT)