Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:30

Ооган жана Пакистан дипломаттары Торхам маселесин сүйлөшүүдө


Талаштуу маселеге айланган Торхам бекети.
Талаштуу маселеге айланган Торхам бекети.

Өткөн жумада Ооганстан жана Пакистан чек арачыларынын атышуусунан эки ооган чек арачысы, пакистандык офицер окко учкан. Атышуу үчүн эки тарап бири-бирин айыпташкан. Анын себеби катары Пакистан тараптын чек арада жайгашкан Торхам өткөрмө бекетинин өз тарабын тосмолоого киришүүсү аталууда.

Ооганстан Дюрранд сызыгы деп аталган азыркы чек араны тааныбайт. 20-июнда Исламабадда башталган сүйлөшүүгө Ооганстандан тышкы иштер министринин орун басары Хекмат Халил Карзай баштаган сегиз дипломат катышууда. Алар менен Пакистандын тышкы иштер министри Аизаз Ахмад Чаудри жолугушту. Пакистандын тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө, чек араны натыйжалуу башкаруу тынчтык, терроризмге каршы күрөшүү жана эки өлкөнүн мамилесин бекемдөө үчүн өзгөчө маанилүү экени белгиленген. (AiT)

XS
SM
MD
LG