Ооган парламенти жаңы коргоо министрин жана чалгын кызматынын директорун бекитти. Бир нече айдан бери бош турган кызмат орундарына президент Ашраф Гани тарабынан сунушталган талапкерлерди парламент 20-июнда колдоду.
Ага ылайык Абдулла Хабиби Коргоо министрлигине, Мохаммад Масум Станекзай Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчисине шайланды. 2015-жылы Ашрав Гани Станекзайдын коргоо министри кызматына бекитүүнү сунуштаган. Бирок ал парламенттен өтпөй калган. (AiT)