Президент Алмазбек Атамбаев Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Ташкенде өтчү жыйынына катышат. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы “Азаттык” радиосуна билдирди. Саммит 23-24-июнь күндөрү өтөт. Ага ШКУга мүчө бардык мамлекеттердин, тагыраак айтканда, Орусия, Кытай, Казакстан жана Тажикстандын да өлкө башчылары келет.
Быйыл март айында Аксыдагы Үңкүр-Тоо аймагына Өзбекстан аскер техникасын жайгаштырып, абал чыңалган кезде Алмазбек Атамбаев ШКУнун Ташкендеги саммитине катышпай калышы мүмкүндүгүн эскерткен. Андан бери мамлекет башчынын барар-барбасы бүдөмүк бойдон келаткан болчу.
Өзбекстан төрагалык кылып жаткан саммитте уюмдун ишмердигин кеңейтүү жана Пакистан, Индиянын толук кандуу мүчөлүккө кабыл алуу маселелери каралат. (SE)