Акыйкатчы Кубат Оторбаев омбудсмендик кызматты аркалап келаткан беш ай ичинде жасалган иштер тууралуу бүгүн маалымат жыйын курат.
Жогорку Кеңеште былтыр 30-декабарда өткөн шайлоодо 3 талапкердин ичинен КСДП жана “Кыргызстан” партиялары сунуштаган Кубат Оторбаев 63 добуш менен жеңишке жеткен. Оппозиция шайлоонун жыйынтыгы алдын ала пландалганын айтып чыккан. (SE)