Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:03

Бабанов өкмөттү чечкиндүү кадрдык реформа жасоого чакырды


Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Бабанов.

Парламенттеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабанов премьер-министр Сооронбай Жээнбековго чечкиндүү кадрдык саясат жүргүзүүнү сунуштады. Ал буга чейинки өкмөт башчыларга салыштырмалуу азыркы премьер-министр президенттин колдоосуна ээ экенин, андыктан олуттуу аракеттерди көрүүгө болорун айтты.

Өкмөт жетекчи Сооронбай Жээнбеков кадр маселесинде көйгөй бар экенин белгилеп, бул багытта аракеттер жасаларын билдирди.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитетинде өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү сунушу талкууга алынууда. Депутаттардын суроолоруна премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жооп берүүдө. (NT)

XS
SM
MD
LG