Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:13

Жарандык активисттер: Жаңы мыйзам кабыл алуунун кажети жок


Жарандык активисттер.
Жарандык активисттер.

Бишкекте өтүп жаткан "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү" мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр боюнча жыйында Өндүрүш Токтонасыров баштаган жарандык активисттер аталган документти кабыл алуунун кажети жок деген талап коюуда. Ошондой эле активисттер ""Азаттык" радиосун угабыз" деген плакат, бузук кулпуларды көтөрүп турушат. Муну менен “эл аралык медиа уюмдарга кулпу салбагыла” деген маанини бийликке жана депутаттарга жеткирүүнү көздөшүүдө. Ага чейин укук коргоочулар Акүйдүн алдында пикет өткөрүшкөн.

Журналисттер, медиа уюмдардын жетекчилери жана жарандык активисттердин бүгүнкү жыйынына демилгечи депутаттар келген жок. Эл өкүлдөрүнөн Жанар Акаев гана катышууда. (NT)​

XS
SM
MD
LG