Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитети премьер-министр Сооронбай Жээнбеков сунуштаган өкмөт түзүмүн өзгөртүү демилгесин талкуулап, көпчүлүк добуш менен жактырды. Аны Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына сунуштады.
Өкмөттүн жаңы түзүмүнө ылайык, эми Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин базасында Өнөр жай, энергетика жана жер байлыгын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети, Байланыш агенттиги менен Электрондук башкаруу борборунун базасында Маалымат технологиялары жана байланыш агенттиги негизделет.
Экономика, Транспорт жана байланыш министрликтеринин, Мамлекеттик каттоо кызматынын жана Геология, минералдык ресурстар агенттигинин функциялары кайрадан түзүлүп, кыскартылат.
Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин, Экотехинспекциянын укуктары кеңейтилет. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бул өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу үчүн кошумча каражат жана кызмат орундары керектелбей турганын, мындай демилге иштин натыйжалуу болушун максат кыларын билдирди. Азыр өкмөттүн курамына 11 министрлик, 2 комитет, 8 агенттик, 11 кызмат жана 6 фонд, инспекция кирет. (NT)