Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:19

Президент БШК курамына талапкерлерди көрсөттү


Буга чейинки Борбордук шайлоо комиссиясы.
Буга чейинки Борбордук шайлоо комиссиясы.

Президент Алмазбек Атамбаев 21-июнда БШКнын жаңы курамына төрт талапкерди сунуштады. Алар - Алмаз Асаналиев, Гүлнара Баатырова, Бахтияр Кадыров, Нуржан Шайылдабекова. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын азыркы курамы 2011-жылы шайланган. Анын мөөнөтү быйыл 4-июлда аяктайт. Мыйзам боюнча, БШК курамы он эки адамдан турууга тийиш. Алардын төртөө президент, төртөө парламенттеги коалициялык көпчүлүк, төртөө оппозиция тарабынан сунушталат. Андан кийин Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында добушка коюлат.

Жарандык активисттер 20-июнда президент менен Жогорку Кеңеш депутаттарына кайрылуу жолдоду. Анда жаңы курамды тандоодо ишенимди эске алууга, талапкерлерди ачык талкуулап, таза адамдарды шайлоого чакырык ташталган.​ (NT)

XS
SM
MD
LG