Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:18

Балдардын онкологиялык ооруканасына 2 миллион сом берилди


Атамбаев балдар бөлүмүндө.
Атамбаев балдар бөлүмүндө.

Президент Алмазбек Атамбаев 21-июнда Улуттук онкология борборунун балдар онкологиясы жана гематология бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Жунушалиеваны кабыл алып, 2 миллион сомдук сертификат тапшырды. Бул каражатка керектүү дары-дармектер сатып алынат.

Атамбаев мамлекет атамекендик медицинаны колдоону күчөтүшү керектигин жана оор илдеттерден жабыркаган балдарды дарылоого шарт түзүлөрүн билдирди.

Акыркы үч жыл ичинде президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан алты миллион жүз миң сомдук материалдык жардам көрсөтүлгөн.

Аталган ооруканада дары-дармек жана дарыгерлердин тартыштыгы көйгөй жаратып келет. (NT)

XS
SM
MD
LG