Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:24

Кырсыктан кийин Карелиядагы лагерь жабылды


Издөө иштери.
Издөө иштери.

14 баланын өмүрү кыйылган окуядан кийин Карелиядагы лагерь жабылды. Бул тууралуу Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министри Владимир Пучков билдирди.

18-июнда 47 окуучу жана балдардын “Парк-отель Сямозеро” лагеринен төрт инструктор эки кайык жана үйлөмө кайык менен көлгө саякатка чыгышкан. Бороон-чапкында кайыктар оодарылып, балдар жээкке сүзүп жөнөшкөн. Суунун өтө муздактыгынан жана ири толкундардан улам балдардын көпчүлүгү жээкке жете албай калышкан.

Куткаруу чаралары кырсык тууралуу жээкке сүзүп жеткен кыз кабарлаганда, окуядан 20 сааттан кийин гана башталган.

Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө. Дүйшөмбүдө кырсыкка байланыштуу Москвада жана Карелияда аза күнү деп жарыяланды.

XS
SM
MD
LG