Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:44

Мурдагы эки депутат кызматтык батирди тапшырды


Депутаттык үйүн тапшырган Акылбек Султанов.
Депутаттык үйүн тапшырган Акылбек Султанов.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, бешинчи чакырылыштын депутаты Акылбек Султанов менен жакында эле мандатын тапшырган Ашэра Халикова алган батирлерин өткөрүп беришти. Экс-депутаттар Абдулатип Режавалиев жана Эсенгул Исаков жакынкы апталарда батирлерди кайтарышат.

Өткөн аптада депутаттык жеңилдиктерден баш тартуу маселеси талкууланган учурда спикер Чыныбай Турсунбеков мурдагы депутаттар кызматтык батирлерден чыкпай жатканын жарыялаган. Алар V чакырылыштагы парламент депутаттары Эсенгул Исаков, Акылбек Султанов жана Абдулатип Режевалиев экени айтылган.

Парламент аларды үйдөн чыгара албай сотко кайрылууга белсенип жатканы кабарланган эле. ​Учурда кызматтык батирди алтынчы чакырылыштын он беш депутаты колдонууда. (NT)

XS
SM
MD
LG