Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер комитети президент жана фракциялар тарабынан БШК курамына сунуштаган талапкерлерди жактырды. Бул маселени парламенттин жалпы талкуусуна алып чыгуу чечимин кабыл алды.
Президент - Алмаз Асаналиев, Гүлнара Баатырова, Бахтияр Кадыров, Нуржан Шайылдабекованын талапкерлигин көрсөткөн. КСДП фракциясы Адилет Сатыгуловдун, «Кыргызстан» Акылбек Эшимовдун, «Өнүгүү – Прогресс» Назарали Ариповдун, «Ата Мекен» Гүлнара Журабаеванын, «Республика – Ата Журт» фракциясы Атыр Абдрахматова менен Елена Жылкычиеванын, «Бир Бол» фракциясынан Абдыжапар Бекматовдун талапкерлигин сунуштады.
БШКнын азыркы курамынын ыйгарым укуктары 4-июлда аяктайт. Мыйзам боюнча, Борбордук шайлоо комиссиясы 12 мүчөдөн куралат. Анын төртөөсүн президент, калгандарын фракциялар көрсөтүп, парламенттин жалпы жыйынында талкууланып, шайланат. (NT)