Бул тууралуу Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаев журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда, анда аскердеги өкүмзордук, жоокерлердин өлүмү жана сабалышына байланыштуу да иштер иликтөөгө алынат.
Өткөн айда Кыргызстанда аскердик бөлүктөрдө бир нече жоокердин өлүмү менен коштолгон жагымсыз окуялар катталган. Мындан улам Башкы штабдын жана Улуттук гвардиянын жетекчилери президенттин буйругу менен алмашкан болчу. (ZKo)