Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:50

Максат Чакиев камактан бошотулду


Максат Чакиев.
Максат Чакиев.

Маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары, Туризм департаментинин башчысы Максат Чакиев камактан чыкты. Бул маалыматты Жогорку соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева "Азаттык" радиосуна ырастады.

Анын айтымында, 21-июнда Жогорку соттун кылмыш иштери жана административдик мыйзам бузуулар боюнча коллегиясы бул ишти карап, Бишкек шаардык сотунун 29-марттагы өкүмүн өзгөрттү. Кылмыш-жаза кодексинин 350-беренесинин бешинчи бөлүгүнүн негизинде, Чакиевдин аракетинде кылмыш жок деген жүйө менен актады. Ошондой эле ага беш жүз миң сом айып пул салынып, сот залынан бошотуу өкүмү чыгарылды.

Чакиевди быйыл 12-январда Биринчи Май райондук соту алты жыл күчөтүлгөн режимде абакка кескен. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “мамлекеттик сыйлык, мөөр, штамп, бланкты колго жасоо, даярдоо жана пайдалануу”, “пара берүү” беренелери боюнча айып тагылган.

Ал былтыр чет өлкөлүк жаранга күбөлүк берүүдө мыйзам бузган жана ошол ишти жаптырыш үчүн 92 миң сом пара берген деп айыпталып кармалган. Чакиев өзүн күнөөлүү деп эсептебей турганын, жемкордукка күрөш өнөктүгүнүн курмандыгы болгонун айтып келген. (NT)

XS
SM
MD
LG