Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:02

Путин 25-июнда Кытайга барат

Владимир Путин
Владимир Путин

Орусия президенти Владимир Путин 25-июнда Бээжинге барат. Сапар Кытай төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен уюштурулганын Кремлдин маалымат кызматы билдирди.

“Эки өлкө лидерлери келечектеги кызматташтык тууралуу конкреттүү кадамдарды, өнөктөштүк ишенимдерди, соода-экономикалык, инвестициялык, технологиялык жана гуманитардык багыттагы кызматташтыкты талкуулашат” деп айтылат билдирүүдө.

Мындан сырткары маанилүү эл аралык маселелер да ортого салынат. Ошондой эле транспорттук инфраструктура жаатында - спутник системалары, деңиз, темир жолдорун биргелешип куруу, өнүктүрүү маселелери талкууланары кабарланды.

XS
SM
MD
LG