Линктер

жума, 18-август, 2017 Бишкек убактысы 09:00

Алиясбек Алымкулов Алматыдагы башкы консул кызматына сунушталды


Алиясбек Алымкулов.

Мурдагы Жаштар жана миграция министри Алиясбек Алымкулов Алматыдагы Кыргызстандын башкы консулу кызматына көрсөтүлдү. Анын талапкерлигин Тышкы иштер министрлиги сунуштап, 21-июнда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети жактырды.

Алиясбек Алымкулов 2010-жылы Жаштар жана миграция министри кызматына келген. 2014-жылы отставкага кеткен. Ал 2010-жылдагы апрель окуясында башынан жаракат алган. (NT)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG