Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:28

Мутко: Мындан мыкты футболчуларыбыз жок


Кызыл формачандар Орусиянын футболчулары. Франция,
Кызыл формачандар Орусиянын футболчулары. Франция,

Орусиянын спорт министри, орус футбол союзунун президенти Виталий Мутко улуттук футбол курамасынын оюнчуларын талант менен каалоолору жок деп сындады.

20-июнда Уэльс Орусия курамасын 3:0 эсебинде уткан. Андан мурда орустар Англия менен тең ойноп, Словакияга утулган эле. Натыйжада орус командасы өз тайпасында эң артта калуу менен Еврочемпионаттан четтеп калды.

“Бул биздеги футболдун чыныгы деңгээлин көрсөттү. Бирок азыр мындан башка мыкты оюнчуларыбыз жок. Көпчүлүгүнүн өсүп-өнүгүп, алдыга умтулууга каалоолору да жок болушу мүмкүн” деди Мутко жеңилүүдөн кийинки билдирүүсүндө.

Ал мындан ары жаш футболчуларга басым коюп, ички лигаларды чыңдоо зарылдыгына токтолгон.

Еврочемпионаттан кийинки эле кезектеги ири мелдеш - дүйнөлүк чемпионат 2018-жылы Орусияда өтөт.

XS
SM
MD
LG