Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:22

Аба ырайы: жаан жаайт


Кыргызгидрометеорологиялык агенттик билдиргендей, 24-июнга чейин өлкөдө туруксуз аба ырайы сакталат. Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектердеги райондордо сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

22-июнда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарга кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, 17-22 метрди түзөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12...17, күндүз 18...23;

Таласта түнкүсүн 10...15, күндүз 18...23;

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 14...19, күндүз 22...27;

Баткен облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 21...26;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 9...14, күндүз 18...23;

Нарын өрөөнүндө түнкүсүн 5...10, күндүз 17...22 градуска чейин көтөрүлөт.

Бишкекте 22-июнда маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 14...16 градус, күндүз 20...22 градус жогору болот.

XS
SM
MD
LG