Жогорку Кеңеште "Депутаттын макамы жөнүндө», "Парламенттин регламенти жөнүндө" мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү сунушу кайрадан добушка коюлат.
Мындай чечимди Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитет 21-июнда кабыл алды. Бир катар эл өкүлдөрү депутаттык жеңилдиктерди кыскартуу боюнча аталган мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү долбоорун иштеп чыгышкан.
Аны парламент 15-июнда көпчүлүк добуш менен четке каккан болчу. (NT)