Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:35

Казакстанда кадрлар алмашты


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жогорку кызматтагы бир топ жетекчилерди алмаштырды.

Өлкө башчысынын расмий сайтындагы маалыматка ылайык, 21-июнда Астананын акими Адилбек Жаксыбеков президенттик администрация башчылыгына келди.

Мурда бул кызматты ээлеген Нурлан Нигматуллин мажлиске депутат болду.

Ал эми инвестиция жана өнүгүү министри Асет Исекешев Астананын акимдигине бекитилди.

Анын орун басары Жеңиш Касымбек инвестиция жана өнүгүү министрлигине келди.

XS
SM
MD
LG