Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:20

Польша: 2010-жылкы авиакырсык боюнча өкмөт өкүлү соттолду


Польшанын авиакырсыкта мерт кеткен президенти Лех Качинский.
Польшанын авиакырсыкта мерт кеткен президенти Лех Качинский.

Варшава соту 2010-жылы Польша президенти Лех Качинский жана 95 кишинин өмүрүн алган авиакырсыкка байланыштуу коопсуздук кызматынын мурдагы өкүлүн шарттуу түрдө камады.

Чечимге ылайык, өкмөттүн коопсуздук кызматынын башчысынын мурдагы орунбасары Павел Белявны “өз жумушуна шалаакы мамиле жасаганы” үчүн күнөөлүү деп табылды. Ал 18 айга шарттуу камалып, беш жыл бою өкмөттүк кызматтарда иштөөсүнө тыюу салынды. Андан тышкары, 2600 доллар айыппул төкмөй болду.

2010-жылдын 10-апрелинде Польша президенти жана жүзгө жакын адам бараткан учак Орусия аймагында кыйрап, баары набыт болушкан. Алар 1940-жылы совет бийлиги тарабынан өлтүрүлгөн польшалык аскерлерди эскерүү иш-чарасына катышуу үчүн Катынь аймагына бараткан эле. Адистер авиакырсыкка аба ырайы жана учкучтардын чекилиги себеп болгонун боолгошот. (SE)

XS
SM
MD
LG