Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:31

Казакстанда эки адам күйдүргү оорусунан каза тапты


Казакстандын Караганда шаарындагы ооруканага күйдүргү оорусунун белгилери менен түшкөн эки киши каза тапты. Облустук саламаттык сактоо башкармалыгы 21-июнь күнү тараткан кабарга ылайык, алардын бири 50 жаштагы эркек, экинчиси 33 жаштагы аял.

Оору жуктуруп алган дагы беш киши бейтапканада. Арасында 10 жаштагы бала да бар. Баары Караганда шаарына жакын Эркиндик айылынын тургундары. Ооруканага алар 19-июнда түшкөн.

Саламаттыкты сактоо министрлиги аталган айылда текшерүү иштерин жүргүзүп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG