Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:41

Караколдо “Ысык-Көлдүн тарыхый мурасы” аттуу фотокөргөзмө өтөт


Каракол шаары.
Каракол шаары.

Караколдо “Ысык-Көлдүн тарыхый мурасы” аттуу фотокөргөзмө уюштурулат. Анда XX кылымдын башында Ысык-Көл аймагында жашаган кыргыздардын турмушу чагылдырылат.

Сүрөттөрдүн көбү Борбор Азияга изилдөө үчүн келген окумуштууларга жана саякатчыларга таандык. Арасында жергиликтүү элден тышкары, ошол жылдары Ысык-Көлгө келген белгилүү кишилердин сүрөттөрү да бар.

Көргөзмө 24-июнда Ы.Туманов атындагы окуу жайда болот. Аны Туроператорлор бирикмеси, VisitKarakol социалдык бизнес-долбоору, “Көчмөн” коомдук фонду, облустук архив жана шаар мэриясы бирге уюштурууда.

XS
SM
MD
LG