Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

Түндүк Корея дагы баллистикалык ракета учурду


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Шаршемби күнү эртең менен Түндүк Корея эки баллистикалык ракетаны орточо алыстыкка учурду. Анын бири ийгиликсиз болгонун Түштүк Корея менен Америка басылмалары кабарлады.

“Масудан” ракетасы учурулгандан көп өтпөй Жапон деңизине кулаган. Артынан экинчи ракета учурулганын спутниктен жазылган тасмада көрүүгө болот. Экинчи ракета 400 км учкан.

Түндүк Корея апрелден бери алты жолу жаңы “Масудан” үлгүсүндөгү баллистикалык ракетаны сыноодон өткөрдү. Анын бешөө ийгиликсиз болду.

Пхеньян бийлиги дүйнө коомчулугунун каршылыгына карабай, өзөктүк куралдарды сыноодон өткөрүп келет. (SE)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG