Линктер

жекшемби, 20-август, 2017 Бишкек убактысы 11:52

Бөлөк паспорт менен чек арадан өтүүгө аракеттенген адам кармалды


Кыргыз-казак чегиндеги "Акжол" өткөрмө бекетинен 21-июнда бирөөнүн паспорту менен өтүүгө аракеттенген кыргызстандык жаран кармалды.

Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, кармалган адам башка бирөөгө таандык ID-card үлгүсүндөгү паспортту көрсөткөн. Анын бул документтин чыныгы ээси эместиги белгилүү болду. Кармалган адам милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. (NT)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG