Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:06

ЖМК мыйзам долбоору парламентте талкууланат


Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Искендер Матраимов.
Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Искендер Матраимов.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы жыйынында "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр талкууланат. Документти добуш берүүгө чейин күн тартибине киргизүүнү аталган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Кожобек Рыспаев сунуштап, колдоо тапты.

21-июнда журналисттер, медиа уюмдардын жетекчилери, жарандык активисттер депутаттардан аталган мыйзам долбоорун артка кайтарып, чакыртып алууну талап кылышты. Сунушталган өзгөртүүлөргө каршы резолюция кабыл алынды.

Эл өкүлдөрү Кожобек Рыспаев, Искендер Матраимов, Жыргалбек Турускулов жана Табылды Тиллаев сунуштаган документке ылайык, жалпыга маалымдоо каражатын негиздөө укугуна мамлекеттик органдар, саясий партиялар жана башка укуктук жактар, Кыргызстан жарандары гана акылуу. Чет жактан каржыланган маалымат каражаттарына сырттан келүүчү акчанын көлөмү 20 пайыздан ашпоосу керек деген эреже да жазылган. Бул cунуш сөз эркиндигин чектей турганы белгиленип, жарандык коомдун катуу сынына кабылууда. (NT)

XS
SM
MD
LG