"Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү" мыйзам долбоорунун "Азаттык" радиосуна тиешеси жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы жыйынында демилгечилердин бири Кожобек Рыспаев билдирди. Ал мыйзам долбоордун концепциясы өзгөрбөгөнүн, документтин телеканалдарга гана тиешеси бардыгын айтты:
-Телеканалдарга гана тиешелүү кылып алып чыгып атабыз. Талаш-тартыш болбойт деп ойлойм. Журналисттер да кооптонуп атышат. Ошого күн тартибине коюну сунуштайм.
10-июнда Жогорку Кеңештин төрт депутаты аталган мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган. Социалдык маселелер, билим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 13-июнда мыйзам долбоорун жактырган. Ага ылайык, ЖМКны негиздөө укугуна мамлекеттик органдар, саясий партиялар жана башка укуктук жактар, Кыргызстан жарандары гана акылуу. Чет жактан каржыланган маалымат каражаттарына сырттан келчү акчанын көлөмү 20 пайыздан ашпоосу керек деген эреже да жазылган.
16-июнда документ парламенттин жалпы жыйынында биринчи окууда күн тартибине киргизилип, бирок авторлор "долбоор чала болуп жатат" деген негизде кийинкиге калтырышкан. Бир катар байкоочулар бул демилге колдоо тапса, "Азаттык" радиосу жабылышы мүмкүндүгүн белгилешүүдө. Укук коргоочулар "Азаттыкты" колдоп пикет өткөрүшүп, мыйзам долбооруна каршы кол топтоп жатышат. (NT)