Линктер

бейшемби, 17-август, 2017 Бишкек убактысы 09:35

Тиешелүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев 22-июнда кол койду. Алымкуловдун талапкерлигин Казакстандын Алматы шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу кызматына Тышкы иштер министрлиги сунуштаган. 21-июнда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети аны колдогон.

Алиясбек Алымкулов 2010-жылы жаштар жана миграция министри кызматына келип, төрт жылдан кийин отставкага кеткен. Ал 2010-жылдагы апрель окуясында жарадар болгон. (NT)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG