Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:07

Нарында наристени сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды


21-июнда түшкө маал Нарын районунун Бейше-Булак аймагында алты жаштагы кызды автоунаа сүзүп кетип, каза тапты. Айдоочу жол кырсыгы болгон жерден качып кеткен.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Медина Султаналиева "Азаттыкка" билдиргендей, бүгүн милиция 1983-жылы туулган айдоочу аялды кармады. Ал өзүнүн БМВ үлгүсүндөгү автоунаасы менен наристени коюп кеткени аныкталып, камакка алынды. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө уланууда. (MiK)

XS
SM
MD
LG