Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:31

ЖМК мыйзам долбоорун талкуудан алуу сунушталды


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Парламенттин бүгүнкү жыйынында "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда депутаттар Жанар Акаев менен Алмамбет Шыкмаматов аталган документти күн тартибинен алып салууну сунушташты.

Эл өкүлү Жанар Акаев бүгүн бул мыйзам долбоорун күн тартибине коюу менен регламент бузулганын жана медиа коомчулуктун сунуш-пикирлери эске алынбаганын айтты. Шыкмаматов болсо мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлбаганын билдирди. Андыктан, эки депутат документти талкуулоону кийинкиге калтырууну сунушташты.

Кожобек Рыспаев "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү" мыйзам долбоорунун "Азаттык", "Би-Би-Си" радиосуна тиешеси жоктугун, оңдолгондон кийин анын концепциясы өзгөрбөгөнүн, документтин телеканалдарга гана тиешеси бардыгын белгиледи.

10-июнда Жогорку Кеңештин төрт депутаты аталган мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган. Социалдык маселелер, билим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 13-июнда мыйзам долбоорун жактырган. 16-июнда документ парламенттин жалпы жыйынында биринчи окууда күн тартибине киргизилип, бирок авторлор "долбоор чала болуп жатат" деген негизде кийинкиге калтырышкан. Рыспаев бүгүн телеканалдарды негиздөө укугунун 65 пайызы Кыргызстандын, 35и чет элдик жарандар акылуу деген түзөтүү киргизилгенин кошумчалады. Буга чейинки долбоордогу чет жактан каржыланган маалымат каражаттарына сырттан келчү акчанын көлөмү 20 пайыздан ашпоосу керек деген чек алынганын белгиледи. (NT)

XS
SM
MD
LG