Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Салянова: ЖМК боюнча мыйзам долбоорун кабыл алуунун зарылдыгы жок


Аида Салянова.
Аида Салянова.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянова парламент жыйынында билдирди. Анын айтымында, мыйзам долбоордо такталбаган жагдайлар көп экенин, учурда кабыл алууга эч кандай зарылчылык жок.

- Бул мыйзам долбоорун “Азаттык” радиосу менен байланыштырып жатышат. “Азаттык” өлкөнүн коопсуздугуна эч кандай коркунуч келтирген эмес. Тескерисинче, "Азаттык" чындыкты чыркырап айтып, коопсуздукту сактоого салым кошту”. Буга чейин биз "Азаттыктын" пайдасын гана көрүп келдик,- деп билдирди А. Салянова.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы жыйынында "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү" мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр талкуулап жатат.

Чет жактан каржыланган маалымат каражаттарына сырттан келүүчү акчанын көлөмү 35 пайыздан ашпоосу керек деген эреже да жазылган. Бул cунуш сөз эркиндигин чектей турганы белгиленип, жарандык коомдун катуу сынына кабылууда.

21-июнда журналисттер, медиа уюмдардын жетекчилери, жарандык активисттер депутаттардан аталган мыйзам долбоорун артка кайтарып, чакыртып алууну талап кылышкан.(BkA)

XS
SM
MD
LG