Парламенттеги "Республика-Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү" мыйзам долбоорун биринчи окууда колдой турганын билдирди. Бирок экинчи окууда ал телеканалдарга гана тиешелүү деген сунуш өзгөртүүсүз калышы керектигин, ТВларды негиздөө укугуна кыргызстандыктар 51 пайыз, 49у чет элдиктерге таандык болушу керектигин айтты. Азыркы мыйзам долбоору чийки экенин билдирди. (NT)