Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:32

Атамбаев ШКУ саммитине катышуу үчүн бүгүн Ташкенге барат


Саммитке чейинки уюмга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйыны.
Саммитке чейинки уюмга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйыны.

Президент Алмазбек Атамбаев Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышуу үчүн бүгүн Ташкенге учат. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, делегация курамында тышкы иштер министри Эрлан Абдылаев, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков жана Өзбекстанга жаңы дайындалган элчи Данияр Сыдыков бар.

Март айында Аксыдагы Үңкүр-Тоо аймагына Өзбекстан аскер техникасын жайгаштырып, абал чыңалган кезде Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев Ташкендеги саммитке катышпай калышы мүмкүндүгүн эскерткен эле.

Ташкендеги саммит 23-24-июнь күндөрү өтөт. Ага ШКУга мүчө мамлекеттер - Кыргызстан, Тажикстан, Орусия, Казакстан, Кытай, Өзбекстан президенттери, Иран, Индия, Пакистан бийлигинин өкүлдөрү катышат. Анын ишин чет элдик 200дөй журналист чагылдырат.

Саммитте аймактык коопсуздук маселеси талкууланат. Соңунда ШКУнун он беш жылдык декларациясы кабыл алынат. (SE)

XS
SM
MD
LG