Бүгүн быйылкы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестат жана күбөлүктөр берилет. Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, бул жылы 11 –классты 62 миңден ашуун, 9-классты 93 миң бала аяктады.
Окууну артыкчылык менен аяктаган окуучуларга аттестаттар бүгүн Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера-балет театрында тапшырылат. Быйыл өлкө аймагында 224 бала “Алтын тамга” аталган артыкчылык аттестаттарын алышат. (SE)