Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:44

1916-жылкы көтөрүлүш тарыхы Астанада талданат


А.А.Лебедевдин "Көтөрүлүшчүлөр. 1916-жыл" аттуу айкелинин чакан көчүрмөсү. Казакстан.
А.А.Лебедевдин "Көтөрүлүшчүлөр. 1916-жыл" аттуу айкелинин чакан көчүрмөсү. Казакстан.

Бүгүн, кулжанын (июндун) 23үндө, Казакстандын борбору Астана шаарында 1916-жылкы Борбордук Азиядагы улуттук боштондук көтөрүлүштүн тарыхын жаңыча баалоого арналган “Тарыхтан – таалим” аттуу эл аралык илимий жыйын өтүүдө.

Казакстандын улуттук китепканасында саат 10:00до башталып жаткан бул эл аралык илимий жыйында “1916-жылкы көтөрүлүш: Тарыхый булактар жана жаңы мамилелер”, “1916-жылкы көтөрүлүштүн тарыхый ролу жана Борбордук Азиядагы таасири” деп аталган бөлүмдөр бар. Эл аралык Түрк академиясы, Кыргызстандын Президентинин аппаратына караштуу “Мурас” фонду жана башка шериктер биргелешип уюштуруп жаткан бул илимий жыйынга Кыргызстандан, Кытайдан, Орусиядан, Өзбекстандан жана Казакстандын ар кыл шаарларындагы университеттер менен илимий борборлордон тарыхчы жана түрколог илимпоздор катышууда.

Бул илимий жыйынды утурулай, кулжанын 22синде Эл аралык Түрк академиясынын китепканасында Кыргызстан менен Казакстандын түркологдорунун заманбап илимий кызматташтыгына арналган тегерек үстөл баарлашуусу болду. Ага Эл аралык Түрк академиясынын Президенти Дархан Кыдыралы, Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Абдылдажан Акматалиев, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Төлөбек Абдырахманов, тарыхчы профессор Ташманбет Кененсариев, ж.б. илимпоздор катышты.​ (TT)

XS
SM
MD
LG