Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:46

Жалал-Абад: экстремизмге шектелгендердин үйүн тинтүү уланууда


Жалал-Абад: тинтүү маалында табылган материалдар
Жалал-Абад: тинтүү маалында табылган материалдар

Бүгүн Жалал-Абад облусунун Сузак районунда Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган Хизб-ут-Тахрир уюмунун мүчөсү катары милициянын оперативдүү тизмесинде турган эки жарандын үйү тинтүүгө алынды.

Облустук ички иштер башкармалыгынан маалымдашкандай, тинтүү учурунда экстермисттик идеологияны жайылткан китеп, баракча, электрондук каражаттардагы маалыматтар табылды. Бул материалдар боюнча соттук-теологиялык экспертиза дайындалып, тергөө башталды.

Буга чейин ушундай эле тинтүү Жалал-Абад, Таш-Көмүр шаарларында, Базар-Коргон, Ноокен жана Аксы райондорунда жүргүзүлгөн жана козголгон кылмыш иштер тергелип жатат.

Жалал-Абадда Хизб-ут-Тахрир уюмунун мүчөлөрүнүн саны беш жүзгө чукулдайт. Жыл башынан бери 10дой тургун бул уюмдун катарынан өз эрки менен чыкканын жарыялаган. (EBM)

XS
SM
MD
LG