Орусиянын аскер-деңиз флоту Ысык-Көлдө “Футляр” торпедасын сыноодон өткөрүүдө. Бул тууралуу орусиялык коргоо-өндүрүш комплексиндеги булактарына таянып, ТАСС кабарлады.
“Сыноо жыл аягына чейин жыйынтыкталары пландалган. Ийгиликтүү өтсө, колдонууга алынат. Ал эми 2017-жылы аны массалык өндүрүү башталышы керек”, деп маалымдайт аты-жөнү аталбаган булак.
“Футляр” мурда чыгарылган “Физик” аттуу торпеданын жаңыртылган түрү.
Орусиянын торпедалык курал базасы Караколдун жанында жайгашкан.