Бүгүн Москванын Басман райондук соту «РусГидро» компаниясынын мурдагы жетекчиси Евгений Доддун баш коргоо чарасын аныктайт. Бул тууралуу орусиялык маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.
Орусиянын Тергөө комитетинин расмий өкүлү Владимир Маркиндин 22-июндагы маалыматына таянсак, Евгений Дод жана аталган компаниянын башкы эсепчиси Дмитрий Финкель "каржылык көз боемочулук" деген айыптын негизинде камакка алынган. Дод 73 миллион рублди 2013-жыл үчүн өзүнө сыйлык пул катары чегерип алган деп күнөөлөнүүдө.
Жергиликтүү булактар Евгений Дод шылуундук боюнча өзүнө тагылып жаткан айыптар менен макул эместигин билдиргенин кабарлашууда.
Евгений Дод 2009 - 2015-жылдарда «РусГидро» компаниясын жетектеген. Орусиянын бул энергетикалык компаниясы Кыргызстанда Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга тийиш болчу. ГЭС курулушу боюнча кыргыз-орус өкмөттөрү түзгөн келишимди Кыргызстан январда бир тараптуу жокко чыгарган. Денонсациялоо чечимине долбоорду ишке ашыруу аракеттери токтоп, орусиялык компания берген убадасын аткарбай жатат деген жүйөө негиз болгон. (NT)