Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:12

Польша учак кырсыгын кайрадан иликтейт


Смоленскиде авиакырсыктан курман болгондорду эскерүү.
Смоленскиде авиакырсыктан курман болгондорду эскерүү.

Польша авиакырсыкта мерт кеткен президент Лех Качинский баштаган маркумдардын жаткан жайын казып, иликтөө жүргүзүшөт. Бул тууралуу Польшанын прокурорлору билдиришти.

Тергөөчүлөр учактын кырсыкка кабылышына себеп болгон жаңы далилдерди табуу аракетине киришүүдө.

Польшанын мурдагы оңчул өкмөтү кырсыкка учкучтун катачылыгы негиз болгон деген орусиялык жүйөнү макул көрүшкөн. Өлкөнүн учурдагы башкаруучу “Укук жана акыйкаттык” партиясы бортто жардыруу болгон деп шектенүүдө. Аталган партияны маркум президенттин бир тууганы Ярослав Качинский жетектейт.

22-июнда Польша прокуратурасы Орусиядан алынган далил-документтер жетишсиз жана каталары бар, ал кырсыктын себебин аныктоого жардам бербейт деп жарыялады.

Лех Качинский түшкөн учак 2010-жылдын 10-апрелинде Смоленск аэропортуна коюу туманда коно албай кырсыкка учураган. Учактын ичиндеги 96 адам, анын ичинде президент жубайы менен, Польшанын Борбордук банкынын башчысы, аскер жетекчилери жана депутаттар курман болушкан.

Орусия учактын сыныктарын, "кара кутуну" жана башка маанилүү далилдерди Польшага берген эмес. Москва кырсык боюнча өздөрүндө ачылган ишти иликтөө үчүн далил буюмдар керектигин айтып келет.

XS
SM
MD
LG