Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму Казакстан бийлигин жарандык активисттер Макс Бокаевди, Талгат Аянды жана Жанат Есентаевди тезинен бошотууга чакырды. 22-июнда таратылган билдирүүдө Астана “жер маселеси” боюнча камалгандардан айыптоону токтотушу керектиги айтылат.
Бокаев менен Аянга элди “бийликти басып алууга жана конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө” чакырган деген саясий айып тагылган. Аларды 15 жылга чейин камаганы жатышат деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.
Ал эми активист, акын Жанат Есентаев “араздашууну тутанткан” деген бүдөмүк айып менен 7 жылга кесилиши мүмкүн дешет укук коргоочулар.
“Тынч каршылык акциясына чыкканы үчүн бир да жарандык активист түрмөгө отурбашы керек. Алар бошотулушу, а бийлик сын айткандарды репрессиялоону токтотушу абзел”, дейт Human Rights Watch уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон.
Казакстандын бир катар шаарларында апрелдин соңунда жерди сатууга жана чет элдиктерге ижарага берүүгө каршы митингдер өткөн. Мындан соң президент Назарбаев Жер кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө мораторий жарыялап, өкмөткө жер реформасы боюнча комиссия түзүүнү табыштаган.
Бирок ага карабай актвисттер 21-майда жер маселеси боюнча митинг өткөрүшүп, активисттер кармалышкан.