Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:09

Өзбекстандык имамды өлтүргөндөр өмүр бою кесилди


2014-жылы Стамбулда киши колдуу болгон өзбек имамы Мирзаголиб Хамидовду өлтүргөндөргө козголгон кылмыш ишти кароо аягына чыкты.

Имамды жок кылууга тиешеси бар деп айыпталган түрк жараны Элдор Аслан жана өзбекстандык Собир Шукуровду Стамбулдун Бакыркөй райсоту өмүр бою эркинен ажыратты.

Сот Элдор Асланды аткаруучу, Собир Шукуровду уюштуруучу деп таап, экөөнө оор жазаны чектеди.

Абдулла Бухари ысмы менен таанымал маркум имамдын жактоочусу Омер Юзгүлдүн айтымында, айыпталгандар күнөөсүн моюнга алышпай, өкүмдү өзгөртүү боюнча жогорку инстанцияга арызданышарын билдиришти. Имамдын жактоочулары сот өкүмүнө канааттанышканын, бирок буйрутма бергендерди издөө өтүнүчүн сот четке какканына нааразы экенин билдиришти.

Соттун жүрүшүндө күбөлөр айыпталынып жаткан Шукуров менен Аслан Өзбекстандын атайын кызматына тиешеси бар делген Тигран Капланов аттуу адамды жалдашканын айтышкан.

XS
SM
MD
LG