Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:22

Астанада улуттук-боштондук көтөрүлүшкө арналган эл аралык жыйын аяктады


Падышалык Орусиянын аскерлери менен жергиликтүү эл жер маселеси боюнча сүйлөшүүдө
Падышалык Орусиянын аскерлери менен жергиликтүү эл жер маселеси боюнча сүйлөшүүдө

Казакстандын башкалаасы Астана шаарында 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүштүн тарыхын жаңыча баалоого арналган эл аралык илимий жыйын аяктады. Анын башкы уюштуруучусу - Эл аралык Түрк академиясы.

Иш-чара “Тарыхтан – таалим” деп аталып, ага Кыргызстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстандын окумуштуулары, тарыхчылары катышты. Анда 100 жыл мурдагы окуялардын бир эле Кыргызстан эмес, бүтүндөй Борбор Азияга таасири болгону айтылды. Тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин "Азаттык" үналгысына билдиргендей, ал кезде Борбордук Азиядагы көп түрдүү жергиликтүү калк орус падышалыгынын оторчулук саясатына каршы күрөшкөн жана айрым жерлерде өз алдынча хандыктарды түзүүгө аракет кылышкан.

1916-жылы Кыргызстандын эгемендиги үчүн улуттук-боштондук көтөрүлүш аёосуз басылган соң, Нарын, Чүй жана Ысык-Көлдөгү кыргыздардын көпчүлүгү, жетисуулук казактар, дунгандар жана уйгурлар Кытай тарапка качууга аргасыз болгон. Быйыл улуу көтөрүлүшкө жана андан кийинки тарыхта кара так менен жазылган кандуу окуяларга 100 жыл болду. (NT)

XS
SM
MD
LG