24-июнга чейин өлкөдө туруксуз аба ырайы сакталат. Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектердеги райондордо сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.
24-июнда Кыргызстандын айрым аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрди түзөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 23...28;
Таласта түнкүсүн 8...13, күндүз 23...28;
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 11...16, күндүз 25...30;
Баткен облусунда түнкүсүн 9..14, күндүз 25...30;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 6...11, күндүз 17...22;
Нарын өрөөнүндө түнкүсүн 5...10, күндүз 16...21;
Бишкекте 24-июнда кыска мөөнөттө жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 14...16 градус, күндүз 24...26 градус жогору болот.