Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Казакстандагы кырсыктан беш кыргызстандык каза тапты


Алматы-Астана унаа жолунда 23-июнда болгон кырсыктан беш кыргызстандык каза тапты. Алардын төртөө балдар, бирөө аял экенин Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Дагы беш киши түрдүү жаракат менен Приозерск шаарындагы ооруканага жеткирилген.

Маалыматка караганда, кыргызстандык мамлекеттик номери тагылган Mercedes Vito микроавтобусу менен жүргүнчүлөрдү ташып бараткан Setra автобусу кагылышып кеткен.

Окуяны Жамбыл райондук милициясы иликтеп жатат. Кыргызстандык Алматыдагы Башкы консулдугу жабыркагандарга тийиштүү жардам берүү жагын уюштурууда.

2015-жылы да Жамбыл облусунда “Газель” микроавтобусу авария болуп, 16 адам каза болгон эле. Алардын 15и кыргызстандыктар болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG