Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:40

Беларус Украинада согушкан деп, 138 жаранына иш козгоду


Беларустун мамлекеттик коопсуздук комитети 138 жаранына Украина чыгышында согушка катышкан деп кылмыш ишин ачты.

Комитет жетекчиси Валерий Вакульчиктин 23-июнда билдиришинче, алар Украинанын өкмөттүк күчтөрү же Орусия колдогон жикчилдер тарапта согушуусу ыктымал.

Баарына бөтөн өлкө аймагында согушка катышканы үчүн жалданмачылык беренеси боюнча айып тагыларын Вакульчик кошумчалады. Чет өлкөдөгү согуштарга аралашкан жарандарын тыюу үчүн Беларуста апрелде тийиштүү мыйзам кабыл алынган.

Башка көптөгөн постсоветтик өлкөлөрдүн жарандары сыяктуу эле ондогон беларустар Украинада жаатташкан тараптарга кошулуп кетишкен.

Акыркы маалыматтарда, 2014-жылдын апрелинен бери Украина чыгышындагы жаңжалда 9300дөн ашуун адам өлтүрүлгөнү айтылат.

XS
SM
MD
LG