Линктер

бейшемби, 17-август, 2017 Бишкек убактысы 07:55

Алдын ала жыйынтык боюнча Британия ЕБ курамында калат


Британиялыктардын кыйласы Евробиримдикте калууну колдошту.

Британияда 23-июнь күнү өткөн референдумдун алдын ала бейрасмий жыйынтыгына караганда, өлкө Европа биримдигинин курамында калат. YouGov онлайн-экзит-пол маалыматтары боюнча, добуш бергендердин 52 пайызы Европа биримдигинде калууну колдошкон. 48 пайызы каршы чыгышты.

Референдумда “өлкө Европа биримдигинде калганы оңбу же чыгып кетиши керекпи?” деген суроо коюлган. Ага 46,5 млн жаран катышары айтылган. Расмий жыйынтык бүгүн чыгарылат. (SE)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG