Линктер

бейшемби, 24-август, 2017 Бишкек убактысы 16:32

Экстремист деп шектелген тажик жараны Германияда кармалды


Немис прокурорлорунун маалыматына ылайык, 22-июнда өлкөнүн батыш аймагында тажикстандык Мухаммадсаид аттуу жаран колго түштү. Аты-жөнү толук айтылбай жаткан 30 жаштагы шектүү Сирияда “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун курамында согушканы айтылууда. Ал видеокайрылуулар менен тажикстандыктарды “Ислам мамлекети” тобуна кошулууга үндөгөн. Шектүү жаран Сириядагы качкындарга кошулуп, Германияга келген болуу керек.

Ирак жана Сириядагы экстремисттик топтордун катарында жүздөгөн тажик жарандары бар экени расмий кабарланган. (SE)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG