Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:00

Обамага Жогорку соттун иммиграция тууралуу чечими жакпады


Барак Обама.
Барак Обама.

АКШ президенти Барак Обама Жогорку соттун имиграция боюнча чечимине ичи чыкпаганын билдирди. Жогорку сот анын мыйзамсыз жол менен өлкөгө келген миллиондогон иммигранттарды депортациялоодон баш тартууну караган планына бөгөт койду.

-20 жылдан бери биздин иммиграциялык системабыз бузулуп келген. Ал эми Жогорку соттун бүгүнкү бүтүмү бизди артка тартып гана тим болбостон, өлкөнү биз умтулган макамдан кыйла алыстатып койду, - деди Обама

АКШ президенти сунуштаган программа Кошмо Штаттарда 2010-жылдан бери мыйзамсыз жашаган, соттолбогон жана балдары бар 4 миллионго чукул адамга багытталган. Алар депортацияга дуушар болуу коркунучунан кутулуп, ишке орношууга уруксат алышмак.

Жогорку сот мүчөлөрүнүн жарымы аталган мүдөөнү колдоп, жарымы каршы добуш берип, президенттин сунушу өтпөй калды. Ошентип, бул маселеде анын каршылаштары республикачылардын мүдөөсү ишке ашты.

XS
SM
MD
LG